Connect with us

Малик Аликеевдин сөөгү өзүнүн айылына коюлат

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 256 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-январда болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, ырчыны акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 10:00дө киндик каны тамган Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 17-январда 53 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Малик Аликеев эл арасында «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» сыяктуу ырларды жогорку чеберчиликте аткарып, жалпы элге таанымал болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM