Connect with us

Бишкектеги убактылуу жылынуучу жайлар жабылат

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 292 | 0

Бишкектеги жылытуу пункттары аба ырайынын жылышынан улам жабылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган пункттар ачылган күндөн тартып жалпы 6 миң 294 жаран кайрылган. Райондор боюнча алганда:

Свердлов районунун жылуулук түйүндөрүнө 2 783 адам;
Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1 104 адам;
Ленин районунун жылуулук пункттарына 1 706 адам;
Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

Эске салсак, борбордо 12 чатыр тигилген. Анда ӨКМдин кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM