Connect with us

Германияда «Кыргыз үйү» маданий борбору ачылды

Кыска кабар | 18 Янв 2023 | 312 | 0

Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде «Кыргыз үйү» маданий борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий борборду ачуу идеясы мамлекет башчысынын колдоосуна алынып, президенттин иш башкармалыгы тарабынан тийиштүү оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашты.

Салтанаттуу иш-чарага Германиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспораларынын лидерлери жана алдыңкы жаштары, ошондой эле Польшадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү келишти.

Элчи Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Берлин шаарында ачылып жаткан бул маданий борбор Германияда Кыргызстанды таанытуунун, кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн жолугушууларын, иш-чараларын өткөрүп туруучу жана Германияда төрөлүп, өсүп келе жаткан жаш кыргыз муундарынын кыргыз маданияты менен таанышып, кыргыз тилин үйрөнө турган жайы болорун белгилеп, андагы мекендештерди биримдикке, ынтымакка жана Кыргызстандын өнүгүшүнө мындан ары да өз салымдарын кошууга чакырды.

Кечеге келген кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү өз уюмдарынын жасап жаткан иш-аракеттери жана келечекте жасала турган иш-чаралары тууралуу маалымат беришти жана мындай Кыргыз маданий борборунун түзүлгөндүгүнө абдан кубанышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Германияда ондон ашык кыргыз диаспора уюмдары бар. Алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга жардамдарын берип келе жатышат. Ошону менен бирге кыргыз диаспоралык уюмдар Германиядагы кыргыздарды биримдикке үндөгөн ар кандай биргелешкен майрамдык, маданий, билим берүүчү, спорттук иш-чараларды уюштуруп келишет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM