«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы банкрот болгону тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан. Ошол себептен мамлекеттик менчиктештирүү программасынан алынып салынды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-январдагы жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКын буга чейин эле банкроттук абалда экени айтылып келген. Ал 2018-жылы мамлекеттик менчиктештирүү программасына кирген.