Марал Радиосу

Бакиров: «Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды

«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы банкрот болгону тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан. Ошол себептен мамлекеттик менчиктештирүү программасынан алынып салынды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-январдагы жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Мамлекетке таандык «Эйр Кыргызстан» ААКын буга чейин эле банкроттук абалда экени айтылып келген. Ал 2018-жылы мамлекеттик менчиктештирүү программасына кирген.

Exit mobile version