Биз менен байланышыңыз

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыгандар кармалды

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 530 | 0

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам иштердин натыйжасында милиция кызматкерлери баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты. Алардан 12 килограммдан ашык «Гашиш» баңгизаты алынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 13-январында саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында «Гашиш» (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Жаран 1968-жылы туулган Г.К. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM