Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,6 млрд м3 түзөт, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 818 млн м3 көп.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Акыркы күндөрү өлкөдө күн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясы рекорддук деңгээлде колдонулду, ал 76 млн кВтс түздү. Буга байланыштуу ГЭСтеги суу да көп өлчөмдө чыгымдалды.
2022-жылдын жылытуу мезгилинде электр энергиясына болгон керектөө 15,9 млрд кВтс түзсө, 2023-жылы электр энергиясынын керектөөсү 16,6 млрд кВтс түзөрү күтүлүүдө. Тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнстандан 2 млрд кВтс электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн.