Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк Кыргызстанда доллар жетиштүү экенин билдирди

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 286 | 0

Улуттук банк 14-15-январда мониторинг жүргүзүп, банктарда жана акча алмашуу бюролорунда накталай чет өлкө валютасы кардарларды эсептик-кассалык тейлөө үчүн жетиштүү деген жыйынтыкка келген. Бул тууралуу мекеменин маалыматтарында айтылат.

Улуттук банк зарыл убакта алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында акча-кредит саясатынын тиешелүү инструменттери колдонулуп турат. Ошол эле учурда, талаптарды сактоо жана башка базарларда валютаны сатуу менен алектенген адамдар тарабынан алып-сатарлык бүтүмдөргө жол бербөө максатында, накталай чет өлкө валютасын сатуу суммасына ички лимит белгилениши мүмкүн.

Эгер акча алмаштыруучу жайларда же коммерциялык банктарда чет өлкө валютасы тактада көрсөтүлгөн курс боюнча эмес, башка курс менен сатылып же алынып жатса, анда Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0312 61-04-86 же WhatsApp каналына 0551 890000 кайрылсаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM