Биз менен байланышыңыз

Орусияда окуган кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу системасына кире алат

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 212 | 0

2023-жылдын январь айынан тарта Орусиянын жогорку окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуган кыргызстандык жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына кирүү укугуна ээ болот. (ОМС)

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Ал үчүн студенттер Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө убактылуу жашоого уруксатын (РВПО) алуу үчүн кайрылышы зарыл. Мындай мүмкүнчүлүк Орусиянын миграциялык мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдүн алкагында берилди.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Орусиянын жогорку окуу жайларында 8,5 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны билим алууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM