Биз менен байланышыңыз

Президенттин администрациясы бир катар прокурорлорду иштен алууну сунуштады

Кыска кабар | 17 Янв 2023 | 450 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен облустун укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өзүнө жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилери тарабынан мыйзам талаптарын бузуу, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларына талаптагыдай эмес көзөмөлдүк кылуу фактылары аныкталган.

Буга байланыштуу, президенттин администрациясы төмөнкүлөрдү ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди:

— Башкы прокурордун биринчи орун басары А.Молдокматов;

— Жалал-Абад облусунун прокурору А.Киязов;

— Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары З.Тойчубаев;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору Б.Сыдыгалиев;

— Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурорунун орун басары Т.Кенжебаев.

«Өлкөнүн жогорку жетекчилиги жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө дайым мониторинг жүргүзүп турат, мыйзам бузуулар табылып жана күнөөлүү адамдарга карата жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган учурда мындан ары да катаал чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM