Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандагы ызгаар: Ташкенттин мэри иштен алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 568 | 0

Өзбекстандын Ташкент шаарынын мэри Жахонгир Артыкхожаев жылытуу мезгилине начар даярдык көрүлгөнү үчүн кызматтан алынды.

Бул тууралуу 16-январда өткөн жыйында айтылганын Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Президент Шавкат Мирзиёев калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүп, Ташкенттин бардык жетекчилерин учурдагы кырдаалга даярдыгы жетиштүү болбогону үчүн катуу сындады.

«Кышкы сезонго даярданбаганы үчүн мен кечээ кечинде штабда Артыкхожаевди жумуштан бошоттум. Куру сөз, жалган «отчёту» үчүн, абийирсиздиги үчүн кызматтан алдым», — деп түшүндүрдү Мирзиёев.

Мындан тышкары үч райондун администрация башчылары кызматтан алынды. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп шаар акиминин биринчи орун басары Бахтияр Рахманов дайындалды.

«Жылуулук электр станциялары» акционердик коомунун төрагасы Фарход Абдурахмонов да кызматтан кетти.

Мирзиёев Башкы прокуратура менен Мамлекеттик коопсуздук кызматына жогорудагы жетекчилердин ишмердүүлүгүн иликтөөнү тапшырды.

Өзбекстанда ызгаардан улам үйлөрдө электр жарыгы жана газды өчүрүүлөр болуп жаткан. Шавкат Мирзиёев абалды оңдоо боюнча аткаминерлерге бир катар тапшырмаларды берген.

Copyright © 2017 Maral FM