Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы «Белес KG» компаниясы менен кызматташууну жандантат

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 392 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы «Белес KG» компаниясы менен кызматташууну жандантат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

18-январда компаниянын директору менен жолугушуу өткөрүү пландалууда. Автобустун тесттик режими ийгиликтүү аяктагандан кийин Транспорт департаменти «Белес KG» компаниясынын автобустарын сатып алуу иштерин улантат.

Бишкек мэриясы атамекендик автобус чыгаруучу «Белес KG» компаниясы менен 2022-жылдын 16-июнунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Сынап көрүү үчүн убактылуу бир автобус берүү маселеси көтөрүлгөн.

«Белес KG»: Биз баштапкы колдоону өз өлкөбүздөн күткөнбүз

Өткөн жумада Бишкек шаарына Кытайда чыгарылган 120 автобустун биринчи партиясы, 20 автобус алып келинген. Автобустарды сатып алууга республикалык бюджеттен млрд сом бөлүнгөн. Муниципалитет аларды Zhongtong Bus Holding Co. Ltd. компаниясынан сатып алган. TX автобустары 10,5 метр, газ кыймылдаткычы менен жүрөт жана кондиционери бар.

Автобустун сыйымдуулугу 75 адамга ылайыкталган, анын 26сы отургучтар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM