Биз менен байланышыңыз

Майлуу-Сууда үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады

Кыска кабар | 16 Янв 2023 | 273 | 0

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында үч отказандын бирөөсү жылуулук бере баштады. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов кабарлады.

«Бүгүн Майлуу-Сууда №1 отказан жылуулук бере баштады. №3, 4 отказанга азырынча суу келе элек, ӨКМдин кызматкерлери ал жерде иштөөдө. Батирлерде 20 градус жылуу болууда», — деди ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында ызгаардуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. №1, 3, 4 отказанда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.

Мындан улам Майлуу-Суу шаарына 13-январда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондой эле Майлуу-Сууда бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM