Биз менен байланышыңыз

Ошто адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран Чүйдөн кармалды

Кыска кабар | 14 Янв 2023 | 205 | 0

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген эки жаран Чүй облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдардын тобу сабап өлтүргөндүгү аныкталган.

Мындан сырткары ошол эле түнү 1995-жылы туулган Н. М. аттуу дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүүгө аракеттенип жаткан издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалды.

Милициядан белгилешкендей, азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл «Женго» кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM