Биз менен байланышыңыз

Президент аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык белектерди берди

Кыска кабар | 14 Янв 2023 | 239 | 0

Президен Садыр Жапаровдун атынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектерди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана мекеменин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын бышчысы Айбек Джунушалиев тапшырды.

Коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан тандалып алынган. Алардын балдарына уюлдук телефон берилип, жалгыз бой энелерге акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев тиешелүү жергиликтүү бийликтин жетекчилерине балдардын мектептердеги төлөмдөрүнөн бошотуу, жылытуу мезгилинде көмүр менен камсыздоо тапшырмаларын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM