Биз менен байланышыңыз

Бишкекте балдар үйүнөн өрт чыкты. Жабыркагандар жок.

Без рубрики , Кыска кабар | 14 Янв 2023 | 248 | 0

Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 13-январда саат 19:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган.

ӨКМ билдиргендей, мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, толук саат 23:08де өчүрүлдү.

Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу балдар үйүнүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM