Биз менен байланышыңыз

Былтыр чогултулган бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 58,4%га өстү

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 220 | 0

Өткөн жылы бажы төлөмдөрүнүн көлөмү былтыркы көрсөткүчтөн 58,4%га ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын январь айынан декабрь айына чейин бажы кызматкерлери тарабынан 74,3 млрд сом төлөм чогултулуп, белгиленген план 100,8%га, 604,8 миллион сомго ашык аткарылган.

Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилине карата сумма 46,9 млрд сомду түзгөн. Тактап айтканда, өткөн жылдын он эки айында 27,4 млрд сомго көп жыйналып, өсүү темпи 158,4%га чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM