Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 4 миңге жакын факты катталды

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 214 | 0

2022-жылы бажы мыйзамдарын бузуу боюнча 3 миң 802 факты катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйын учурунда кабарлады.

Ал зыяндын жалпы суммасы 488 млн сомду түзөрүн билдирди.

«Укук бузуулар боюнча 3 миң 547 иш ачылып, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 24 млн сомдон ашык айып пул салынып, өндүрүлдү. Кошумча төлөм жана алдын алуу иш-чаралардын алкагында 321,1 млн сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөндү. Ачылган кылмыштардын алкагында мамлекеттик казынага 244,2 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулган», — дейт ал.

Ошондой эле ал 2021-жылы кошумча түшүүлөрдүн суммасы 243,5 млн сомду түзсө, 2022-жылдын отчеттук мезгилинде бул көрсөткүч 589,4 млн сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM