Биз менен байланышыңыз

«Чек талап кылып, белек утуп ал!» лотереясы уланат

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 715 | 1

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын 2023-жылы улантат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, лотереяны улантуу чечими анын оң натыйжага бергендигине байланыштуу кабыл алынды.

«Жарандар кассалык чектерди активдүү талап кылып, ал эми ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды көбүрөөк колдоно башташты. Алсак, жыл ичинде ККМди колдонгон ишкерлердин саны 3 эсеге көбөйүп, 64 миңди түздү», — деп билдиришти Салык кызматынан.

Салык кызматы кыргызстандыктарды товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кылууга чакырат.

Былтыр байгеге ээ боло албай калгандар 2023-жылы жаңы лотереянын жеңүүчүсү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

1 пикир

1 пикир

  1. Эрлан

    12.01.2023 18:19

    Кандай чек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM