Биз менен байланышыңыз

ТИМ Ооганстандагы террордук актыны айыптады

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 145 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин жанында жасалган террордук актыны айыптады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Террордук актынын натыйжасында Ооганстандын жарандары, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер каза таап, жарадар болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.

Шаршемби күнү Ооганстандын борбору Кабулда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында жардыруу болгон. Al Jazeera агенттигинин маалыматына караганда, жардырууну жанкечти жасаган. Кеминде 20 киши набыт болуп, учурда жабыркагандардын саны такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM