Биз менен байланышыңыз

Кулубаев менен Сариев өлкөгө инвестор тартуу боюнча баарлашты

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 165 | 0

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугушту. Анда экономикалык дипломатияны илгерилетүү, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ата мекендик ишкерлерге зарыл колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле кызматташуунун приоритеттүү багыттарын белгилешти.

Өлкөнүн товар жүгүртүүсүн көбөйтүү, чет өлкөлөрдө ата мекендик соода үйлөрүн ачуу, приоритеттүү тармактарга чет элдик инвесторлорду тартуу, ички жана тышкы бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча толук пикир алмашуу болуп өттү.

Тараптар эки мекеменин ортосунда ушул форматта үзгүлтүксүз жолугушууларды жана кеңешмелерди өткөрүп турууну макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM