Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандагы элчи Бердымухамедовго ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 156 | 0

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Түркмөнстандын мамлекет башчысы элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу кызматташууга кошумча түрткү жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн эң жогорку деңгээлдеги визиттерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун баса белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM