Биз менен байланышыңыз

Парламент таксилерге лицензия берүү мыйзамын четке какты

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 150 | 0

11-январда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок.  Мыйзам долбоору аркылуу жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоо максатын көздөгөн.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамына ылайык оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык түрдө ташууга тыюу салынганын эске алып, унаа ээлери тарабынан нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60%ы оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, мисалы, мамлекеттик субсидияларды, лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады.

Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды.

Талкуунун соңунда депутаттар добуш берип, жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер кабинети болуп, Ички иштер министрлиги иштеп чыккан.

Анда такси кызматтарын милдеттүү түрдө лицензиялоо каралып, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жылдын декабрында колдоо тапкан эле.

Лицензиянын жылдык баасы такси фирмаларына 1000, таксисттердин өзүнө 500 сом деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM