Биз менен байланышыңыз

Камактагы жарандык активист Перизат Сурановага шашылыш түрдө операция жасалышы керек

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 1070 | 0

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Перизат Сурановага тез арада операция жасалышы керек. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2022-жылдын 28-декабрында Суранованы Бишкектеги СИЗО-1ден ооруканага текшерүү үчүн алып кетишкен.

Жыйынтыгында дарыгерлер «жатын миомасы», «субмукоздук түйүн», «аялдардын органдарындагы эки тараптуу гидросалпинкс» диагнозун коюшкан.

«Дарыгер башка органдардын абалы жалпысынан дарыланууга тийиш экенин, бирок операциялык кийлигишүүсүз айыктыруу мүмкүн эместигин белгиледи. 10-январда Перизат Суранова Чүй облустук ооруканасынын дарылоочу дарыгери тарабынан кошумча текшерүүдөн өтүп, консультация алган. УЗИден кийин дарыгер мурда коюлган диагнозду тастыктап, шашылыш операция жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи», — деп жазган Касиет Мамырбай.

Бытыр 23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20дан ашык саясатчы жана жарандык активист кармалган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган.

Кийинчирээк 13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM