Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев үй камагына чыкты

Кыска кабар | 12 Янв 2023 | 109 | 0

11-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын каралган.

Анда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Исаевди 20-февралга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Канат Исаев былтыр 23-октябрда кармалган. Ага карата мурдагы бөгөт чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасына өзгөртүлгөн.

2017-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоонун алдында Канат Исаевге бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM