Биз менен байланышыңыз

Кылмыш ишинин документтерин бурмалаган 2 милиция жоопкерчиликке тартылды

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 570 | 0

Кылмыш ишинин документтерин бурмалаган милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызмат адамдары кылмыш иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө ишке карата буюм далил табуу үчүн документтерди бурмалоо аракеттерин жасашкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) жана 348-беренеси (шалаакылык) менен 2 кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен Ысык-Көл милициясынын мурдагы тергөөчүсү Ш.А.Т. жана Ысык-Көл милициясынын мурдагы ыкчам кызматкери А.Ы.Ага карата жогоруда белгиленген беренелер менен айыптары угузулуп, кылмыш ишин кароо үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жиберилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM