Биз менен байланышыңыз

Баткенде жабыркагандардын 366 насыясы кечирилди

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 297 | 0

Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучулар боюнча финансы-кредит уюмдары тарабынан бир катар жеңилдиктер көрүлдү. Алсак, 2022-жылдын 30-декабрына карата алынган маалымат боюнча, финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган жана 31 миң 480 миң сом суммасында 366 кредит жоюлган. Ошондой эле 63  миң 683 сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Улуттук банк 2022-жылдын 18-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтомун кабыл алган. 

Бул токтомду ишке ашыруу максатында Баткен областындагы карыз алуучуларды кредиттөө боюнча бир катар чаралар кабыл алынды: 

— 2022-жылдын 18-ноябрынан тартып финансы-кредит уюмдар тарабынан 1  млн 95 миң 133 сомго 9 268 кредит артыкчылыктуу тартипте каралды жана берилди; 

— айрым финансы-кредит уюмдар тарабынан кредиттер боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлдү, токтомдун талаптарына ылайык онлайн кредиттөөнүн көлөмүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана башка чаралар көрүлүүдө

— айрым ФКУлар тарабынан кредиттөө процесстерин жөнөкөйлөтүү максатында ички ченемдик документтерге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. 

Учурда финансы-кредит уюмдар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM