Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүк жаран 10 млн сомго 5 жылга виза ала алат

Кыска кабар | 11 Янв 2023 | 285 | 0

10 млн сом чегерген чет өлкөлүк жаран 5 жылга виза алууга укуктуу болот. Жогорку Кеңештин жыйынында «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Сейитбек Атамбаев, Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиевалар.

Мыйзам долбоору чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга виза алуунун өзгөчө негиздерин түзүү жана виза алуу жолжоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн виза алуу жөнөкөйлөшөт, аны колдонуу мөөнөтү көбөйөт жана өлкөнүн экономикасына салым кошуунун бир нече варианты берилет.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда чегерилген суммалардын градациясы түзүлөт, ага ылайык 10 млн сомдон кем эмес сумма чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 5 жылга виза алууга укуктуу болот, жана 20 млн сомдон кем эмес сумманы чегерген чет өлкөлүк жаран же болбосо жарандыгы жок адам 10 жылга виза алууга укук алат. Ошентип, чет өлкөлүк жарандар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу бир кыйла узак мөөнөттү алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM