Биз менен байланышыңыз

Таластын вице-мэри жана шаардык кеңештин вице-спикери коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 167 | 0

Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. алдын ала сүйлөшүүлөргө барып, акчалай сыйлыктар үчүн муниципалдык жер тилкелерин айрым жеке ишкердик жүргүзгөн субъекттерге “жер тилкелери үчүн ижара акысын тарифтештирүүнү мыйзамсыз жана өз алдынча аныктоо жолу менен, башкача айтканда, ижара акысынын баасын төмөндөтүп, ишкерлерден белгилүү бир сыйакы алып, муну менен жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришип, түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алышкан.

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй коюу түрүндө мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM