Биз менен байланышыңыз

Армения ЖККУнун машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 291 | 0

Армения 2023-жылы өз аймагында ЖККУ машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Мындай билдирүүнү премьер-министр Никол Пашинян жыйын учурунда айтканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Пашиняндын сөзү боюнча, түзүлгөн кырдаалда Армения бийлиги машыгууларды өткөрүү «максатка ылайыксыз» деп эсептейт.

Ал Ереван бул тууралуу биргелешкен штабына маалымдаганын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги 1-январда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2023» тынчтык орнотуучу машыгууларын Армениянын аймагында өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

Буга чейин былтыркы жылы ноябрь айында Пашинян ЖККУ саммитинин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюудан баш тарткан, анткени анда Тоолуу Карабактагы жаңжалда Азербайжандын аракеттерине баа берилген эместигине нааразы болгон.

Ошондой эле былтыр Кыргызстан да «Бузулбас боордоштук — 2022» окууларын өткөрүүдөн баш тарткан. Алар Ысык-Көл облусунда 10-14-октябрда өтүшү керек болчу, бирок машыгууларды өткөрүү жокко чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM