Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга кайра чектөөлөр киргизилиши мүмкүн

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 308 | 0

Азыркы учурда Төө-Ашуудагы жол ачык. Кечкисин оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдору ачык. Боом капчыгайында жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Бишкек-Ош унаа жолундагы «Төө-Ашуу», «Ала-Бел» жана «Өтмөк» ашуулары азырынча тарнпорт каражаттары үчүн ачык. Ошол аймактарда жолдорду техниканын жардамы менен тазалоо жана туз, кум өңдүү инерттик каражаттарды себүү иштери жүргүүлүдөө.

Кечкисин «Сосновка», «Арал» жана «Кара-Көл» постторунда оор жүк ташуучу унаа каражаттарына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Мекеме ашуулардагы аба ырайынын катаал шарттарын эске алып, жолго чыгууда унаа каражаттарынын техникалык абалына көңүл буруп, аралыкты сактап, туманга каршы фараларды күйгүзүп, дөңгөлөктөргө оролчу кошумча чынчырчаларды алып алууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM