Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматы өткөн жылы 74,3 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 250 | 0

2022-жылы бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз кылынып, белгиленген план 100,8%га аткарылган же 604,8 млн сомго көп чогултулган. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын жыйынтыгында бул сумма 46,9 млрд сомду түзгөн. Ошентип, өткөн жылы 12 айда 27,4 миллиард сомго көбүрөөк чогултулган, ал эми өсүү темпи 158,5%ды түзгөн.

Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырсак, анда бажы кызматы тарабынан 40,0 млрд сомго көп берилген.

2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,5 млрд сомго көп.

Ошондой эле, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,0 млрд сомго көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM