Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына туруктуу авиакаттам ачылат

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 198 | 0

Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы менен келерки айда Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча түз каттамдар ачылат. Бул тууралуу Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң ири шаарларынын бирине туруктуу учуулар биринчи жолу аткарылмакчы.

Жаңы багыт боюнча каттамдар 11-февралдан баштап, ар жекшемби сайын аткарылышы күтүлүүдө.

Сиань Кытайдагы Шэнси аймагынын борбору. Шаар Кытайдын төрт улуу тарыхый борборлорунун бири болуп, 3100 жылдык тарыхы бар Кытайдын эң байыркы шаарларынын бири. Болжол менен 13 миллион калкы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM