Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Досматов Ош мэриясынын аппарат жетекчилигинен кетти

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 168 | 0

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал өз билдирүүсүндө, дээрлик бир жарым жыл ичинде жаратмандыкта, берилүү менен натыйжалуу иштөөгө аракет кылгандыгын белгилеген.

«Жүктөлгөн милдетти татыктуу аткарууга аракет кылдым. Ош шаарынын мэриясынын аппарат башчысы кызматынан өз каалоом менен кетип жатам. Дээрлик бир жарым жыл ичинде жаратмандыкта, берилүү менен натыйжалуу иштөөгө аракет кылдык.

Бул аралыкта ишеним арткан Ош шаарынын экс-мэри Алмаз Мамбетовго, чогуу иштешкен кесиптештериме, аппарат кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазган Досматов.

Камчыбек Досматов Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп 2021-жылдын 13-сентябрында дайындалган. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын экс-мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.

Камчыбек Досматов ага чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп эмгектенген.

Ал 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM