Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Сокулук районунун акимин кызматтан четтетүүнү сунуштады

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 210 | 0

«Президентке Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем». Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сокулук районуна болгон иш сапарында билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук районундагы мал базардын абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.

Ал ошондой эле бир жыл мурун эле бардык мал базарлар иретке келтирилиши тийиш болгонун кошумчалады.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысына Сокулук районунун мал базарын иретке келтирүү боюнча иштердин жүрүшү көрсөтүлдү, учурда соода жүргүзүлүүчү аянтты тегиздөө иштери жүрүүдө жана шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM