Биз менен байланышыңыз

УКМК: Оштогу мушташка аралашкан кызматкерлер иштен алынды

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 320 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2-январда Ош шаарындагы Sky Bar мекемесинде болгон окуя боюнча маалымат берди.

Анда УКМКнын кызматкери менен бажы кызматкери эс алуучу жайга келген адамды сабаганын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан.

УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн жана анын натыйжасында коомдук тартипти бузгандыгы, улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Учурда факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратура тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM