Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 21-22-январда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 10 Янв 2023 | 556 | 0

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 21-22-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, балбандар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.

Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM