Биз менен байланышыңыз

Окуучулардын жазгы каникулдары кыскартылды

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 601 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын кышкы каникулун 16-январга чейин узартууга буйрук чыгарган.

Мындай чечим саламаттык сактоо министрлигинин сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жол бербөө сунушунун жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнүн күтүлүүчү шарттары боюнча маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Белгиленгендей, “2022-2023-окуу жылына карата Базистик окуу пландарына түшүндүрмө катынын” “Уюштуруу иш-чаралары” бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди, ал билим берүү жана илим министрлигинин 5-август 2022-жылдын буйругу менен бекитилген:

— кышкы — 17 календардык күн: 2022-жылдын 30-декабрынан башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 16-январынан башталат;

— жазгы — 5 календардык күн: 2023-жылдын 22-мартынан башталып, 26-мартына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөт.

Ал эми кесиптик лицейлер билим берүүсүн окутуунун онлайн форматында жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM