Биз менен байланышыңыз

Чүй облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары орнотулат

Кыска кабар | 10 Янв 2023 | 261 | 1

Кыргызстанда «Нур Кубат» долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган долбоор энергетика министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.

«Нур Кубат» долбоордун алкагында «Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпул алган Чүй облусунун Чүй жана Жайыл райондорунда жашаган үй-бүлөлөргө кубаттуулугу 5 тен 10 кВт/ч күн батареялары акысыз орнотулат.

Ошол эле учурда, күн батареялары иштеп чыккан бардык электр энергиясы жөлөкпул алуучулар тарабынан колдонулат, ал эми ашыкчасы мамлекет тарабынан сатылып алынат”, — деди эмгек министри Кудайберген Базарбаев.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, Эмгек министрлиги энергетика министрлиги менен биргеликте «Нур Кубат» долбоорун республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жайылтуу пландалууда.

Азыркы учурда жалпы «Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпул алуучулардын саны республика боюнча 106,7 миң үй-бүлө түзөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Айнура

    31.01.2023 10:47

    Жолок пул албай жургон аз камсыз болгон уй булоолор кантет

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM