Connect with us

Кытай жана Венгриянын ЖОЖдоруна кабыл алуу 15-январга чейин узартылды

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 282 | 0

Кытай менен Венгриянын жогорку окуу жайларына сынактык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 15-январга чейин узартылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча кыргызстандыктарга Венгриянын ЖОЖдорунун бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окууга гранттар бөлүнөрүн эскертет.

Ошондой эле гранттар Кытайдын ЖОЖдорунда бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары, тилди такшалтуу стажировкасы боюнча берилет.

Венгрия бир катар программалар боюнча окууга 200 орун бөлгөн. Стипендиялык программалар тууралуу толук маалыматты сайтынан алууга болот.

Ал эми Кытайдагы окуу боюнча маалымат дарегинде. Кытай 2023-2024-окуу жылына 23 өкмөттүк стипендия бөлгөн.

Конкурска катталуу жана катышуу акысыз. Министрлик документтерди тапшырууда ортомчу агенттиктерди пайдаланбоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM