Connect with us

Аба ырайына байланыштуу мектептерде онлайн окутуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн

Кыска кабар | 9 Янв 2023 | 672 | 0

Алдыдагы аптада аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу мектептерди убактылуу онлайн окутууга өткөрүү боюнча чечим бүгүн кабыл алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы “Маралга” билдирди.

Маалымат ылайык, азыркы учурда ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анын жыйынтыгында документке кол коюлуп чечим кабыл алынат.

Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 10-январдан тарта катуу суук түшөрүн билдирген. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болору айтылды.

Ал эми коңшу Өзбекстанда сууктан улам окуучулардын каникулу 17-январга чейин узартылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдардын кышкы каникулун узартууну сунуштап, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билим берүү министрине кайрылуу жасаган.

Билдирүүсүндө ал 11-январдан баштап катуу суук түшөт деген божомолду жүйө келтирүү менен балдарды онлайн-окутууну узартуу зарылчылыгын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM