Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман капташы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;
Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.