Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү дүйнөдө 107-орунду ээледи

Кыска кабар | 7 Янв 2023 | 809 | 0

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү дүйнөдө 107-орунда ээледи. Бул тууралуу Global Firepower аналитикалык борбору чыгарган дүйнө мамлекеттеринин армиясынын рейтингинде көрсөтүлгөн.

Аталган борбор өз талдоосунда 145 мамлекеттин армиясынын жоокерлеринин санын, аскердик техникасын, коргонуу тармагына бөлгөн каражатын салыштырган.

Былтыр Кыргызстандын армиясы ушул эле рейтингде 93-орунда турган.

Рейтингге ылайык, Өзбекстан 62-орунда, Казакстан – 63, Түркмөнстан – 82 жана Тажикстан 120-орунду ээлейт.

Адыңкы үчтүккө АКШ, Орусия жана Кытай кирген. Армиясы күчтүү 10 мамлекеттин катарында Индия, Япония, Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM