Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 11-январдан тарта катуу суук башталат

Кыска кабар | 7 Янв 2023 | 398 | 0

Өлкө синоптиктеринин божомолунда 11-январдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга унааны этияттап башкарууга, жарандарды алыскы сапарга чыкпоого чакырды.

“Аномалдык суук кыштоолордо малды кармоодо, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз”, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM