Биз менен байланышыңыз

Мырза-Аке — Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Кыска кабар | 6 Янв 2023 | 239 | 0

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Белгилей кетсек, 4-январда Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары, 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Аталган унаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында ИИМдин ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM