Биз менен байланышыңыз

Нарында аксакалдар кеңишинин арызы менен кримтоптун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 6 Янв 2023 | 1018 | 0

Нарын облусунун Кочкор районунда Аксакалдар кеңешинин арызынын негизинде, жерди мыйзамсыз басып алууга шек саналган уюшкан кылмыш тобунун А.Ы.А аттуу бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

«Райондук аксакалдар кеңешинин жамааттык арызынан улам козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 гектардан ашык жерди жеке жактарга кайра сатуу максатында өзүм билемдик менен ээлеп алган А.Ы.А. кармалды. Ал аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүн күч колдонуп коркуткан. Ошондой эле, 2022-жылы декабрда Кочкор милициясынын колго алуу менен жергиликтүү кафелердин биринин ээсинен опузалап акча талап кылуу фактысына байланыштуу кармалган Ш.Н.О.нун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM