Биз менен байланышыңыз

Кытайда COVID-19дан өлгөндөр көбөйүп, крематорийлер толуп калганы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2023 | 430 | 0

Кытайда коронавирус күчөп, каза болгондордун саны өсүп кетти. Мындан улам крематорийлер сөөктөргө толуп калганын Bloomberg агенттиги жазды.

Пекиндеги жана Шанхайдагы крематорийлердин кызматкерлери январдын ортосуна чейин орун жоктугун, вирустан каза болгондордун сөөктөрү күнү-түнү өрттөлүп жатканын билдиришти. Маалыматта Шэньчжэнь аймагындагы Лунхуа крематорийинде эле күнүнө 500дөн ашуун адамдын сөөгү кабыл алынып жатканы айтылат.

Кытайда COVID-19 инфекциясынын жаңы толкунунан улам декабрдын аягында Италия, АКШ, Жапония, Индия жана Малайзия өңдүү бир катар өлкөлөр Кытайдан келгендер үчүн милдеттүү тест талап кылууга өткөн. Ага чейин катаал карантиндик шарттарга каршы нааразылыктардан улам кытай өкмөтү ооруга каршы чектөөлөрдү жеңилдеткен.

Ошол эле маалда Кытай бийлиги COVID-19 боюнча күнүмдүк маалыматтарды жарыялоону токтоткон. Такталбаган кабарларга ылайык, өлкөдө күн сайын миллиондогон адам коронавируска кабылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM