Connect with us

ӨКМ: Чаткал районунда кар көчкү түштү

Кыска кабар | 4 Янв 2023 | 245 | 0

3-январь күнү саат 22:27 чамасында «Ала-Бука — Жаңы- Базар  — Кировка» унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жолдун 99-100-чакырымында  700 м3, 96-чакырымында 250 м3 жана 91-92-чакырымында 550 м3  кар көчкү түшүп, каттамды эки тараптуу жаап калган.

Кар көчкүнү тазалоо иш-чарасын жүргүзүү максатында жерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  кызматкерлери жана №27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч,  3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган.

Ал эми «Красная Горка — Ак-Таш» унаа жолунун 4-чакырымында саат 23:30 чамасында түшкөн кар көчкүнү тазалоого N27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылды. Жабыркагандар жок.

Бул унаа жолдор Чаткал районунун акиминин орун басарынын 2023-жылдын 4-январындагы  буйругунун негизинде убактылуу жабылган. ИИМдин кызматкерлери тарабынан «Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка» унаа жолунун 38 жана 103 чакырымдарында нөөмөт уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM