Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди текшерүүгө жарыяланган мораторий күчүнө кирди

Кыска кабар | 2 Янв 2023 | 327 | 0

Кечээ, 1-январдан тарта Президент Садыр Жапаров кол койгон «2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыгы күчүнө кирди.

Мамлекет башчысы жарлыкка 2022-жылдын 21-ноябрында кол койгон. Анын негизинде 1-январдан 31-декабрга чейинки аралыкта бардык ишканаларды, ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынат. Бул ишти көзөмөлдөө жана жарлыкты аткаруу Министрлер кабинетине тапшырылган.

Жарлыкка кол коюу себеби катары мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген, калктын, инвесторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун ишкердик жигерин солгундаткан көйгөйлөр болуп жатканы айтылган.

Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлердин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоо, ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишканаларды текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана көзөмөлдөөчү органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ачык иштөөсүн камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM