Биз менен байланышыңыз

Баткендеги айылдардын аттарын өзгөрткөн мыйзам күчүнө кирди

Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 577 | 0

Жогорку Кеңеш кабыл алып, Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзам бүгүн, 1-январдан тарта күчүнө кирди.

Мыйзамга ылайык, чет тилде аталып жүргөн 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аты кыргызча аталыштарга алмаштырылган.

Тактап айтканда, төмөнкү айылдардын аттары:

— Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп;

— Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;

— Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп;

— Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп;

— Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп;

—Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп;

— Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;

— Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы деп кайра аталган.

Баткенде 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM